-
Бирөөнүн мүлкүн энчилеп алуу же төлөмөр болуу
-
БИРӨӨНҮН МҮЛКҮН ЭНЧИЛЕП АЛУУ ЖЕ ТӨЛӨМӨР БОЛУУ – башка бирөөнүн күнөөлүүгө ишенип берилген мүлкүн уурдап алуу. КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган менчикке каршы кылмыштардын бири. Бир жагынан алганда, ал күнөөкөр адам тарабынан бирөөнүн менчигин мыйзамсыз түрдө өзүнө энчилеп алуу же кызматы боюнча, келишим боюнча ишенип берилген же милдетин аткаруу же сактоо үчүн тапшырылган мүлктү ээлеп алуу катары мүнөздөлөт. Ал эми төлөмөр болуу ишенип берилген же анын кол алдында турган мүлктү жеке кызыкчылыгы үчүн пайдалануу максатында сатып жиберүү, өзүнө керектөө, башка бирөөгө тартуулап жиберүү аркылуу мүнөздөлөт.
Найдены по другим направлениям
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Бирөөнүн мүлкүн энчилеп алуу же төлөмөр болуу